Ссылки доступа

Европарламент Душанбени адам укуктарын сыйлоого үндөдү


18-январда Страсбургда Европарламенттин депутаттары Тажикстан боюнча резолюция кабыл алып, Душанбени адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерди аткарууга жана көз карандысыз журналисттерди, өкмөттү сындагандарды, укук коргоочуларды жана жарандык активисттерди куугунтуктоону токтотууга чакырышты

Европарламент ошондой эле Евробиримдикти кызматташууну кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөрдө Тажикстандагы сөз эркиндигинин абалын эске алууга үндөдү.

"ЖМКлардын жана жарандык коом уюмдарынын эркин жана көз карандысыз иштеши демократиялык коомдун негизи болуп саналат. Евробиримдик Душанбенин преференциялардын жалпы тутумуна (GSP+) кирүү өтүнүчүн кароодо бул өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалын эске алышы керек", деп белгилешти билдирүүнүн авторлору.

Алар тажик бийлигин "жалган маалымат таратуу", "кастыкты козутуу" жана "экстремизм" айыбы менен камалган журналисттер менен блогерлерди бошотууга үндөдү.

Резолюцияда "Азия-Плюс" маалымат агенттиги жана "Азаттык" радиосунун тажик бюросунун кызматкерлери ырааттуу түрдө куугунтукка алынып, коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатканы, аккредитация алуу көйгөйүнө туш болуп, журналист Рустам Жониге кылмыш иши козголгону айтылат. Коопсуздук кызматкерлери чет өлкөдө иштеген көз карандысыз "Азда" телеканалынын журналисттеринин Тажикстанда жашаган туугандарына кысым көрсөтүп жатканы белгиленет.

Европарламент Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдү Тажикстандагы жарандык коомду, укук коргоочуларды жана көз карандысыз журналисттерди колдоого үндөдү.

XS
SM
MD
LG