"Мамлекет мындайды эч качан кечирбейт. Ал Казакстанга келбейт, келсе да киргизилбейт", – деди Смадияров.
Мындан тышкары ТИМдин өкүлү Канделакинин Казакстанда "орус тилин сүрүп чыгарып жатышканы" тууралуу сөздөрүнө да комментарий берди.
"Биз алардын ар бирине көңүл бура берсек убактыбыз жетпей калат. Эң өкүнүчтүүсү – коңшубуздун, досубуздун биздин өлкө жөнүндө билбегени. Алардын биз жөнүндөгү маалыматтары туура эмес. Социалдык түйүндөрдө талашып-тартышкандан көрө келгиле ишти уланталы", – деди Смадияров.
Өткөн жумада Тина Канделакинин "Казакстанда мамлекеттик деңгээлде акырындык менен орус тили сүрүлүп чыгарылууда" деген билдирүүсү чоң резонанс жараткан.
"Өлкөнүн Транспорт министрлиги орус тилиндеги бир нече темир жол станциясынын аталышын казакчага өзгөрткөнү жатат. Мисалы, "Уральскты" "Орол", "Узенди" "Жаңы-Өзөн" деп өзгөртүү сунушталып жатат. Балтика өлкөлөрүнүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, бул өтө кооптуу тенденция. Ал жакта да баары майда нерселерден башталган. Кийин орус мектептер жабылып, советтик эстеликтер алынып, акыры пенсионерлерди суукка чыгарып салышкан", – деп жазган Канделаки.
Казакстандык соцтүйүн колдонуучулары жооп катары билдирүүлөрдү жазып, Казакстан эгемен өлкө экенин жана темир жол станцияларын кандай атоо керектигин өзү чечерин, өлкө акырындык менен совет доорунда жоголгон эне тилине кайтып жатканын белгилешти.
Factcheck.kz басылмасы бул "орус саясий элитасы менен ЖМКлары Казакстанда орус тили кысымга кабылып, русофобия күчөп жатканы тууралуу пропагандалык сөздөрдү айткан алгачкы учур эмес экенин" белгиледи.
2022-жылы июнда Казакстандын Тышкы иштер министрлиги "Казакстанга киргизилбей турган адамдардын тизмеси" бар экенин билдирген. Анда ал тизмеге орусиялык медиаменеджер жана пропагандачы Маргарита Симоняндын күйөөсү Тигран Коесаян киргизилгени кабарланган.