Ссылки доступа

Азия Кубогу-2023: Тажикстан курамасы тайпадан чыгууга аракет кылат


Тажикстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Петр Сегрт
Тажикстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Петр Сегрт

22-январда Азия Кубогунун тайпалык оюндарынын алкагында Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Ливан оюнчулары менен беттешет.

Дохада өтө турган мелдеш Душанбе убактысы боюнча 20:00дө башталат.

Тажикстан курама командасынын башкы машыктыруучусу, 57 жаштагы хорватиялык адис Петр Сегрт тайпалык этаптын акыркы оюнунун алдында маалымат жыйынын өткөрүп, Ливанга каршы оюн финалга тете экенин билдирди.

"Бул биз үчүн да, атаандаш үчүн да абдан оор беттеш болот. Ливан күчтүү атаандаш, биз алардын оюндарын көрдүк, талдадык, алар биздикин көрдү. Ливан менен болгон беттеште биз катуу тартип менен ойношубуз керек, мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, ката кетирбешибиз керек. Биз өз футболубузду ойноого аракет кылабыз. Мен жигиттер оюн талаасында мыкты оюн көрсөтөт деп ишенем", - деди Петр Сегрт.

Экинчи айлампанын жыйынтыгында алты упай менен А тайпасынын лидери болгон Катар биринчи орунду ээлеп, 2023-жылкы Азия Кубогунун 1/8 финалына чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыздады. Кытай курамасы эки упай менен экинчи орунда. Тажикстан менен Ливандын курама командалары бирден упайга ээ болуп, турнирдик жадыбалда үчүнчү жана төртүнчү орунда келе жатышат.

Күн мурун Азия кубогунун тайпалык баскычында Кыргызстандын улуттук курама командасы Сауд Арабиясынын оюнчулары менен беттешип, 0:2 эсебинде жеңилип калган. Эми Кыргызстандын улуттук курама командасы 25-январда Оман менен беттешет.

XS
SM
MD
LG