Ссылки доступа

Башкырстан башчысы Астанага келет


23-24-январда Башкырстандын башчысы Радий Хабиров Астанага келет. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров билдирди.

"Сапардын алкагында башкыр делегациясы Казакстан-Башкырстан бизнес-форумуна, ошондой эле Казакстан менен Башкырстан Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жумушчу топтун отурумуна катышат", - деген Смадияров.

Хабировдун Астанага сапары Башкырстанда соттолгон активистти колдогон нааразылык акциялары, демонстранттар менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылышуусу, кармоо жана камакка алуулар фонунда болот. 17-январда Баймакта "жек көрүүчүлүктү же кастыкты козутуу" деген берене менен иш козголгон экоактивист Фаил Алсыновдун соту болуп, ал жалпы тартиптеги колонияга төрт жылга кесилген.

Алсынов мурда "Башкорт" деген уюмдун жетекчиси болчу. Ал буга чейин Орусиядагы аскердик мобилизацияны “башкыр элинин геноциди” деп атап, Орусиянын Украинага басып киргенин “биздин согуш эмес” деп айткан.

Эл аралык басылмалар Алсынов "башкыр тили жана башкыр жери үчүн күрөшкөнүн", башкырлар "өз баатырын коргоп жатышканын" жазышууда.

XS
SM
MD
LG