Ссылки доступа

Өзбекстандан качкан каракалпак активисти Казакстандан жардам суроодо (видео)


Каракалпак активисти Сагындык Нурымбетов мекенинен качууга аргасыз болгон. 2023-жылдын апрелине чейин Каракалпакстандын Кегейли районунда жашаган. Азыр ал үй-бүлөсү менен Актөбөдө. Нурымбетов саясий көз карашынан улам өмүрү коркунучка кептелгенин айтууда.

– Каракалпакстандагы бардык активисттер сыяктуу эле акыркы үч-төрт жылда жашоом тозокко айланды. Ар бир кадамымды аңдып турушту. Саясий активисттер менен жолугуп, телефон аркылуу сүйлөшөйүн десем, үйүмө милиция кызматкерлери келип турду. Кийин мени сотсуз, тергөөсүз үй камагына алышты. 2021-жылдан бери бейрасмий үй камагында отурдум, - дейт Сагындык Нурымбетов.

Ал өзбек бийлиги Бектемир Каракаскырды колго түшүрүүгө көмөктөшүүнү талап кылганын ырастоодо.

Бул каракалпак актививисттеринин арасындагы белгилүү ысым. Бирок Нурымбетов да, башкалар да анын ким экенин билишпейт. Аны эч ким көргөн эмес. Ал Каракалпакстанды автономия макамынан ажыратуу саясатына каршы чыгып, Өзбекстандагы режимди активдүү сындаганы гана белгилүү. Каракаскыр менен телефон аркылуу байланышкандар анын орусча эркин сүйлөп, үнүн технологиянын жардамы менен өзгөртүп турарын айтышат.

Сагындык Нурымбетов Каракаскыр менен байланышканын, бирок аны кармоого көмөктөшүүгө ниеттенбегенин айтат.

"Мен Каракаскырдан жолугушууну сурандым, ал: "Казакстанда жолугабыз" деп жооп берди. Бул билдирүүнү окугандан кийин 2023-жылы апрелде Өзбекстандан качып кеттим", - дейт Сагындык.

Ошондон бери Нурымбетов Казакстанда жашайт. Ал бул өлкөдө жашап турууга укук берген документти 2016-жылы эле алган. Ал кезде Каракалпакстандагы жагдай али курчуй элек болчу. Документтин мөөнөтү 2025-жылы декабрда бүтөт.

Анын артынан эки баласы менен жубайы да Актөбөгө келген. Азыр алардын туруктуу жумушу жок. Активист Каракалпакстанда калган дагы эки баласына тынчсызданууда.

Сагындык Нурымбетов 2021-жылы 13-июлда Хожейли шаарында митингге катышып, анын катышуучулары Каракалпакстанды өзбектештирүү саясатына каршы чыкканын айтат. Митингге Өзбекстандын премьер-министринин жарнактарды латын арибинде жазуу чечими себеп болгон. Ошол митингден кийин бийлик "активисттерди жапырт жазалай баштады" дейт Сагындык.

"16-июлда мен өзүм Хожейли милиция бөлүмүнө бардым. Үйдө жашынган туура эмес деп ойлодум. Ал жерде мени эки саат бою сабашты. Алар менин бетиме жана денеме мылтык такашты. Эки киши дубалга такап, санга чапкылашты. Согончокко желим союл менен койгулашты. Жүзүн карасаң көзгө, сүйлөсөң оозуго урушат. Мен бөлүмдө алты саатка жакын болдум. Алардын экөө мени сабап жатты. Ошондон бери баса албай калдым", - дейт ал.

Сагындык Нурымбетовдун айтымында, анын басышы оор, сыртка дээрлик чыкпайт. Актөбөдөгү дарыгер Нурымбетов кант диабети менен ооругандыктан анын эки бутун тең ампутация кылуу керектигин айткан.

Сагындык өзүнө жана үй-бүлөсүнө саясий башпаанек алууга жардамдашуу өтүнүчү менен Актөбөдөгү укук коргоочуларга кайрылган. Ага жашап турууга уруксат берген документтин мөөнөтү аяктагандан кийин арыз жазууга мүмкүн экенин айтышкан.

— Мен Казакстандан жардам сурайм. Мүмкүн болсо, мени Өзбекстанга өткөрүп бербегиле. Анткени мен жана менин үй-бүлөм коркунучта, - дейт ал.

Сагындык Казакстан ага саясий качкын макамын берет деп үмүттөнөт. Ал ошондой эле БУУ, ЕККУ сыяктуу эл аралык уюмдардан, Европа өлкөлөрүнөн жардам сурап жатат.

Каракалпакский активист в Актобе жалуется на давление Ташкента
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:39 0:00

XS
SM
MD
LG