Ссылки доступа

Өзбекстандын Акыйкатчысы мигранттардын мазакталышы боюнча орус кесиптешине кайрылды


Өзбекстандын Акыйкатчысы Феруза Эшматова Екатеринбургда эмгек мигранттарынын кордолгон фактылары боюнча Орусиянын акыйкатчысы Татьяна Москальковага арызданды.

Кайрылууда Орусияда иштеген Өзбекстан жарандарынын эмгек укуктарын камсыз кылуу өтүнүчү айтылган.

17-январда Екатеринбургдагы курулуш объектилеринин биринде рейд өткөн.

Жалпысынан 150 адам текшерилген. Алардын ичинен сегиз адам иммиграция мыйзамдарын бузганы үчүн депортациялана турганы кабарланган. Аскердик каттоодо турбаган төрт кишиге (айрым маалыматтар боюнча орус жарандыгы бар) чакыруу кагазы берилген.

Интернетте жарыяланган сүрөттөрдө жана видеолордө коопсуздук күчтөрү эмгек мигранттарын кар баскан курулуш аянтчасында каздарча басууга мажурлаганын көрүүгө болот.

Мигранттардын канчасы Өзбекстандын жараны экени белгисиз. Арасында Кыргызстандын, жарандары да болгону белгилүү.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандары полиция кызматкерлерине каршы арыз жазуудан баш тартканын, консулдук мигранттарды кемсинткен жоруктун мыйзамдуулугун териштирип жатканын белгилеген.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети мигранттарды кодулоого каршы Орусиянын Мамлекеттик Думасынын тармактык комитетине кайрыларын билдирген.

XS
SM
MD
LG