Ссылки доступа

Алматыда жер титирөөдөн кийин ооруканага кайрылгандар дээрлик 70ке жетти (видео)


23-январга караган түнү болгон жер титирөөдөн кийин Алматы шаарында ооруканага кайрылгандардын саны 67 кишиге жетти. Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун казак кызматы жергиликтүү акимчиликке шилтеме кылып шейшемби күнү кечинде кабарлады.

"Саат 17:00гө карата 67 киши медициналык жардам сурап кайрылышты. Алардын 55и чоңдор, 12си балдар. Азыр бардык тийиштүү медициналык жардамды алып жатышат. Сегиз киши ооруканага жаткырылып, калгандары амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү", – деп жазылган акимчиликтин билдирүүсүндө.

Мекеменин маалыматы боюнча, ооруканага түшкөндөрдүн бирине операция жасалып, реанимация бөлүмүнө жаткырылды. Учурда анын абалы оор деп бааланууда.

"Ошондой эле травматология жана ортопедия бөлүмүнө жаткырылган эки кишинин абалы орточо оор болууда. Мындан тышкары алты жана жети айлык эки ымыркай, 7 жана 16 жаштагы эки бала да ооруканада жатат. Баары тең жаракаттарды үйдөн, жыгылганда алышкан. Ымыркайлардын бирин энеси түшүрүп алып, экинчиси керебеттен кулаган. Балдардын абалы орточо оор, туруктуу", — деп билдиришти акимчиликтен.

АКШнын Геологиялык кызматынын расмий сайтында көрсөтүлгөндөй, шейшембиге караган түнү Кытайда бир нече жолу жер силкинип, алардын эң кубаттуусунун магнитудалык күчү 7 баллга жеткен.

Казакстанда термелүүнүн күчү Алматыда 5, Чымкентте 4 баллга жеткенин Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлаган. Ошондой эле жер титирөө Астана шаарында, Алматы облусунда, Чыгыш-Казакстан, Жетису, Жамбыл, Караганды облустарында да сезилген.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий маалыматына караганда, 23-январда түнкү саат 00:09да Кытайдын аймагында очогунда күчү 8 магнитудасына жеткен жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында жана Бишкек шаарында 4 балл болуп сезилди. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

XS
SM
MD
LG