Ссылки доступа

Өзбекстанда укук коргоочу Бобомурод Раззаков каза болду


Укук коргоочу Бобомурод Раззаков 2016-жылы октябрда түрмөдөн чыккан учур
Укук коргоочу Бобомурод Раззаков 2016-жылы октябрда түрмөдөн чыккан учур

23-январда Өзбекстанда оппозициялык активист жана укук коргоочу Бобомурод Раззаков 69 жашында катуу оорудан улам каза болду. Бул тууралуу анын уулу Шухрат Раззаков Facebook'тагы баракчасына жазды.

Бобомурод Раззаков Бухара облусунун Жандар районунда дыйканчылык менен алектенип, ошол эле маалда "Эзгулик" укук коргоо уюмунун Бухара облустук бөлүмүн жетектеген.

Раззаков маркум президент Ислам Каримовдун тушундагы куугунтуктоолорго жана репрессияларга карабастан, Өзбекстандагы дыйкандардын укуктарынын бузулушу, балдар эмгегинин пайдаланылышы, жемкорлук жана акимдердин мыйзамсыз иштери сыяктуу көйгөйлөр жөнүндө чет өлкөлүк ЖМКларга ачык айтып келген.

Укук коргоочу 2013-жылы сентябрда "адам сатуу" айыбы менен төрт жылга эркинен ажыратылган. Сотто Раззаков айыптоолорду четке кагып, кылмыш иши анын "оозун жабуу үчүн" козголгонун айткан. Ал абактан үч жыл үч айдан кийин чыккан.

Правозащитник Бобомурод Раззаков вышел на свободу
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:26 0:00
XS
SM
MD
LG