Ссылки доступа

Фейсбуктагы посту үчүн кармалган Асановго өкүм чыкты


Фейсбуктагы "Куба Буба" деген аккаунттун ээси Кубанычбек Асановго Бишкектин Биринчи Май райондук соту 22-январда өкүм чыгарган. Бул тууралуу "Азаттыкка" райондук соттун басма сөз кызматы 25-январда билдирди.

Маалыматка караганда, соттун чечими менен ал бир жылга абакка кесилген, бирок буга чейин абакта отурган бир күнү эки күнгө тете болуп, жазасын өтөп бүткөн деп эсептелди. Өкүм бир айдын ичинде күчүнө кирет.

Асанов Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) менен күнөлүү деп табылган.

Аны атайын кызмат өткөн жылы 11-майда кармаган. Адвокаты Акин Токталиев Кубанычбек Асановго кылмыш ишин козгоого анын Фейсбукта "Көчөдө жүргөн лөлүлөр Кыргызстандан чыгарылсын" деп пост жазганы себеп болгонун билдирген.

Ал Биринчи Май райондук сотунун чечими менен үй камагына 15-ноябрда чыккан.

Асанов камалганга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду колдогон билдирүүлөрдү социалдык тармактардагы баракчаларына жазып турган.

Адвокат Акин Токталиев Асанов коюлган айыпта моюнуна албаганын, кийинчерээк апелляциялык арыз менен жогорку инстанцияга кайрылуу болорун билдирди.

Кыргызстанда социалдык тармактын колдонуучулары жарыялаган билдирүүлөрү үчүн ар кандай айып менен камакка алынган окуялар катталууда.

XS
SM
MD
LG