Ссылки доступа

Тажикстандын уюлдук операторлору бааларды жогорулатуу чечиминен баш тартты


Тажикстандын Байланыш кызматы өлкөдөгү уюлдук байланыштын тарифтерин жогорулатууга жол бербей турганын билдирди. Бул тууралуу "Озоди" радиосу кабарлады.

Апта башында Тажикстандагы үч мобилдик оператор ("Мегафон", "Вавилон" жана Тcell) абоненттерине СМС-билдирүүлөрдү жөнөтүп, 1-февралдан тарта тарифтери менен кызматтарынын баасы жогорулай турганын кабарлашкан.

24-январда Байланыш кызматы билдирүү таратып, уюлдук операторлордун бул чечимин сынга алып, алардан мурдагы тарифтерди калтырууну талап кылган.

"Уюлдук операторлордун бул чечими байланыш кызматтарынын баасын төмөндөтүү боюнча жогорку жетекчиликтин максаттарына каршы келет. Абоненттерди СМС-билдирүүлөргө көңүл бурбоого жана тарифтерди мурдагы баалар менен колдонууну уланта берүүгө чакырабыз", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Байланыш кызматынын өкүлү Илхомжон Атоев уюлдук компаниялар бааларды мекеме менен макулдашпастан эле өзүмбилемдик менен жогорулатканы жатканын белгиледи.

25-январда Тажикстандагы үч уюлдук оператор тең бааларды жогорулатуу чечиминен баш тартышканын билдиришти. "Озоди" радиосунун кабарчылары бул боюнча компаниялардан комментарий ала алышкан жок. Бирок уюлдук операторлордун биринин аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкери бааларды жогорулатууга электр энергиясынын кымбаттаганы себеп болгонун билдирди. Тажикстанда 1-январда кезектеги жолу электр жарыгына тарифтер жогорулаган.

"Электр энергиясынын кымбатташы уюлдук компаниялардын чыгымдарын көбөйттү. Анткени биздин жабдыктардын баары, анын ичинде базалык станциялар да электр менен иштейт. Ошондуктан тарифтер менен кызматтардын баасын көтөрүү чечими кабыл алынган", – деди ал.

Байланыш кызматынын маалыматы боюнча, Тажикстанда уюлдук операторлордун абоненттеринин жалпы саны 8,3 миллионго жетет. Алардын 6,4 миллиону активдүү колдонуучу.

XS
SM
MD
LG