Ссылки доступа

АКШ Сенатынын комитети Орусиянын активдерин конфискациялоо долбоорун колдоду


Сенаттын профилдик комитети Орусиянын санкциялардан улам камакка алынган активдерин конфискациялоо тууралуу мыйзам долбоорун колдоду.

Документ кабыл алынса АКШ ал активдерди Орусиянын агрессиясынан улам келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу үчүн Украинага берет.

"Украинанын экономикалык жыргалчылыгын жана мүмкүнчүлүктөрүн калыбына келтирүү акты" деп аталган мыйзам долбоорун комитеттин 20 мүчөсү колдоп, бирөө каршы чыкты.

Долбоор эми жалпы Сенатка, андан ары Өкүлдөр палатасына жиберилет. Алардын макулдугунан соң, президент кол коюп, күчүнө кирсе, бул АКШ өзү согушпаган өлкөнүн активдерин конфискациялаган алгачкы учур болуп калат.

Эл аралык мамилелер комитетинин төрагасы Бен Кардин эгер Украинага жардам берилбесе, Орусия аны жеңип чыгышы ыктымалдыгын айтып: "Баарыбыз билебиз, бул бир эле Украина менен бүтпөйт", -деди.

Мурдараак Москва эгер АКШ активдерин конфискацияласа, ага жараша кадамдарга барып, "дос эмес" өлкөлөрдүн Орусиядагы кеминде 288 млрд долларлык мүлкүн ээлеп аларын эскерткен.

Орусия Украинага кол салгандан кийинки санкциялардан соң АКШ, Евробиримдик, Канада жана Жапонияда Орусиянын 300 млрд долларга жакын активдери камакка алынган. АКШнын өзүндө орусиялык байлыктын көлөмү 5-6 млрд долларга жетет.

Орусиянын санкцияланган активдеринин басымдуу бөлүгү Европада. Евробиримдик өлкөлөрү азырынча аны конфискациялоо механизмдерин карай элек, бирок аны Украинага берүү мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканы кабарланган.

XS
SM
MD
LG