Ссылки доступа

Тажикстандын түштүгүндө прокуратура курамын тазалоо уланууда


Куляб шаарынын прокурору Кутбиддин Достизода ээлеген кызматынан бошотулду.

"Озоди" радиосунун Хатлон облустук прокуратурасындагы булактары 25-январда бул кабарды ырастап, аймакта коопсуздук жана укук коргоо органдарынын катарын тазалоо иштери уланып жатканын белгилешти.

Алардын айтымында, Достизода 24-январда кызматтан алынган.

"Ал жеке буюмдарын чогултуп, Кулябдан чыгып кетти. Азырынча бул кызматка эч ким дайындала элек", - деди өз булак.

Кутбиддин Достизода Куляб шаарынын прокурору кызматына 2021-жылдын ноябрь айында келген. Ага чейин Тажикстандын транспорт прокурорунун орун басары болгон.

19-январда өткөн өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Хатлондун коопсуздук блогун сынга алып, бул багыттагы бардык күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин жана алардын орун басарларын ээлеген кызматынан бошотуу керектигин айткан.

Үч күндөн кийин, 22-январда Хатлон облусунун жаңы прокурору жана анын орун басарлары дайындалган.

XS
SM
MD
LG