"Астананын райондор аралык тергөө соту шектүү Бекетаевдин бөгөт чарасын карап, анын камактагы мөөнөтүн 21-февралга чейин узартуу чечимин кабыл алды", – деп жазылган соттун басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.
Казакстандын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Марат Бекетаев 2023-жылы октябрдын аягында өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган учурда кармалганын билдирген. Анда экс-министр керексиз кызмат көрсөтүүлөр боюнча келишимдерди түзүү менен бири-бирине байланышы бар компаниялардын кызыкчылыктарын коргоп, мамлекетке зыян келтиргени кабарланган.
46 жаштагы Марат Бекетаев Казакстандын Юстиция министрлигин 2016-жылдан 2022-жылга чейин жетектеген. Ал кандуу Январь окуясынан кийин иштен алынган жогорку кызматтагы аткаминерлердин бири болгон.