Ссылки доступа

Тажик-өзбек чек арасында жүк ташуучу унаалардын узун кезеги жаралды


Акыркы бир нече күндөн бери жүк ташуучу унаалардын айдоочулары тажик-өзбек чек арасындагы "Фотехобод-Ойбек" өткөрмө-бекетинен өтүүдө кыйынчылыктарга туш болгонун кабарлашты.

Алардын айтымында, көзөмөл-өткөрүү бекетинде унаалардын ири кезеги жаралып, Тажикстандан Өзбекстанга өтүү үчүн сааттап күтүп турушат.

Айдоочулардын бири "Озоди" радиосуна билдиргендей, "Фотехобод-Ойбек" өткөрмө-бекетине төрт күн мурун келген, бирок дагы деле чек арадан өтө элек.

"Кургатылган мөмө-жемиштерди Орусияга алып бара жатам, бул үчүн Өзбекстан, Казакстан аркылуу өтүүгө туура келет. Бирок унаалар араң жылып, көзөмөл-өткөрүү бекетинде чоң кезек пайда болду", - деди ал.

Тажикстан менен Өзбекстандын бийлик органдары азыркы абал боюнча расмий түшүндүрмө бере элек. "Фотехобод" көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги тажик бажы кызматкери "Озоди" радиосуна чек ара бекетинде унаалар тыгыны катталганын ырастады.

Анын айтымында, өзбек бийлиги чек арадагы унааларды текшерүүнү күчөтүп, саатына 1-2 унааны өткөрүүгө уруксат бергендиктен, кезек жаралды.

"Фотехобод" көзөмөл-өткөрмө бекети Матча районунда жайгашкан жана Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы негизги чек ара өтмөгүнүн бири болуп эсептелет.

Айрым айдоочулар жүк ташуучу унааларды тыкыр текшерүү өзбек-тажик чек арасында ири өлчөмдөгү баңгизаттын конфискацияланышына байланыштуу болушу мүмкүн деп болжолдоп жатышат. 2023-жылы 7-сентябрда "Сариасия" чек ара бекетинде дээрлик 70 кг маңзат алынган. Анда Сурхандарыя облусунун бажы башкармалыгы Тажикстандан келе жаткан жана документтеринде бош деп көрсөтүлгөн Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны текшерүү учурунда жалпы салмагы 69,2 кг болгон баңгизаттын ири партиясы табылганын кабарлаган.

Андан эки жума мурун Өзбекстандын бажычылары Тажикстан менен чектешкен "Ойбек" көзөмөл-өткөрмө бекетинен бензобакка жана газ баллонго катылган 55 килограммдан ашык маңзатты алышкан.

XS
SM
MD
LG