Ссылки доступа

Бишкек ЖЭБинде авария болуп, үч адам жабыркады


2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) авария болду. Бул "Азаттык" Энергетика министрлигине шилтеме берүү менен билдирип, абалды жөнгө салуу үчүн ыкчам штаб түзүлгөнүн кабарлады.

Маалыматка ылайык, ушул тапта жылуулук борбордун кызматкерлери авариялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди жүргүзүп жатат.

“Түнкү кезекте турган үч кызматкер жаракат алышып, ооруканада. Керектөөчүлөргө электр энергиясы үзгүлтүксүз берилет. Бирок, шаардын жылуулук режимин сактоо максатында, ысык суу берүүдө чектөө киргизилип, мектеп жана бала-бакчалар онлайн окууга өткөрүлдү”, - деп айтылат маалыматта.

Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсыктын себептери азырынча айтыла элек. Энергетика министрлиги саат 9:30 улуттук “Кабар” агенттигинде басма сөз жыйыны болорун маалымдады.

2018-жылы кыш чилдеде, Бишкек ЖЭБинде чоң авария болуп, борбор шаар бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, бир нече беренелер менен кылмыш иштери козголгон.

XS
SM
MD
LG