Ссылки доступа

Тажик-өзбек чек арасындагы кезек: уруксат кагаздын баасы кымбаттап кетти


Тажик-өзбек чек арасындагы “Фотехобод-Ойбек” өткөрмө бекетинде турган ондогон жүк ташуучу унаалардын кезеги  бир чакырымга созулду.

Буга жүк ташуучу унаалардын чек арадан өтүүгө уруксаты жоктугу же тартыштыгы себеп болууда. Айдоочулар Тажикстандын Транспорт министрлиги берген бул уруксат кагаз кескин кымбаттап кеткенин айтышууда. Бийлик расмий түшүндүрмө бере элек.

Айдоочулардын айтымында, Өзбекстандын аймагына өтүү үчүн алар ар бир сапарда ортомчу компаниялардын бир жолку уруксат кагазын сатып алып турушкан. Жыл жаңыргандан бери өткөрмө кагаздар азайып, кымбаттап да кетти.

"Мурда бир уруксат кагазын 60 доллардан алсак, азыр 120-130 доллардан сатышууда. Компания өкүлдөрү "кааласаң ал, каалабасаң алба" дешет. Бирок бизде жүк бар, биз бул урусат кагаздарын сатып алууга аргасыз болуп жатабыз", - дейт айдоочу Алижон Хидиров.

31-январда чек ара бекетинде 200дөй жүк ташуучу унаа кезекте турган. Көптөгөн айдоочулар бул жерде 3 күндөн 14 күнгө чейин турушканын айтышкан. Алар уруксат кагазын арзандатуу боюнча бардык кайрылуулардан жыйынтык чыкпаганын билдиришкен.

“Озоди”радиосу тиешелүү мекемелерге кайрылып, бул маселе боюнча жооп ала элек.

Оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары Тажикстандан Өзбекстанга 13 көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу кире алышат. Матча районундагы “Фотехобод-Ойбек” өткөрмө бекети Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы негизги өткөрмө бекеттердин бири болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG