Ссылки доступа

АКШда эки өзбекстандык жарандыкка байланыштуу алдамчылыкка айыпталууда

АКШда Өзбекстандын эки жараны иммиграциялык алдамчылык боюнча айыпталууда. АКШ Прокуратурасынын сайтында айтылгандай, алар бир нече жылга түрмөгө кесилиши мүмкүн.

Маалыматка караганда, АКШ жарандыгын алган өзбек тектүү 44 жаштагы Абдувосит Разиков менен Өзбекстандын жараны, 35 жаштагы Дилрабо Обидова 16 жылдан ашык убакыттан бери мыйзамсыз иммиграциялык жөлөкпулдарды алып, АКШ паспортторуна жетүү үчүн федералдык бийликке жалган маалымат берип турушкан.

Разиков менен Обидова паспорт ишине байланышкан дагы бир нече алдамчылыкка айыпталууда.

Обидова менен Разиков күнөөлүү деп табылса, кутумга барган деген айып менен 5 жылга, паспорт алдамчылыгы үчүн 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Обидова ошондой эле федералдык агенттикке жалган маалыматтарды бергени үчүн 5 жылга чейин, мыйзамсыз түрдө АКШнын жарандыгын алууга аракет кылгандыгы үчүн 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Айыптоо корутундусуна ылайык, Өзбекстандын жараны Разиков алгач иммиграциялык макамды, андан кийин АКШ жараны менен жасалма никеге туруп, Кошмо Штаттардын жарандыгын алган.

Ал ортодо Разиков менен Обидова жашыруун баш кошушканы, мамилелерин иммиграция органдарынан жашырышканы, анын ичинде алардын балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүндө ата катары Обидованын фиктивдүү күйөөсү көрсөтүлгөнү кабарланды.

Туруктуу жашоо макамын алгандан кийин Обидова АКШнын жарандыгын алууга аракет кылган. Айыптоо корутундусуна ылайык, жарандык алуу боюнча арызда Обидова өзүнүн тек-жайы, никеси жана иммиграциялык жеңилдиктери тууралуу жалган билдирүүлөрдү жасаган.

​
XS
SM
MD
LG