3-февралда Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "Майкайналтын" шахтасынын аймагындагы ураган жерде дагы жараңка пайда болушу мүмкүн экенин, буга байланыштуу издөө иштери токтотулушу ыкымалдыгын кабарлаган. Маалыматка караганда, жекшембиде да куткаруу жумуштары уланган.
Айдоочу жана үч куткаруучу кызматкери бар автобус 4-январга караган түнү шашылыш чакырууга барган. Жолдо автобус тереңдиги 200, туурасы 500 метрдей болгон мурунку шахта аймагына кулап түшкөн. Ошол эле күнү эки куткаруучунун – 24 жаштагы Бердикан Саркыт менен 52 жаштагы Олег Тышкевичтин сөөгү автобустун сыртынан табылган. Эки адамдын – 36 жаштагы куткаруучу Айдос Шаймерден менен 55 жаштагы айдоочу Айып Тлеубергеновдун сөөгү табыла элек.
"Майкайналтындын" 100 пайыз акциясы Кипрде катталган Rence Enterprises компаниясына таандык. Анын ээси Сербиянын жараны Милан Попович. Компаниянын эки кени менен байытуу фабрикасы жана бир канча бөлүмдөрү бар.