Ссылки доступа

Тажикстанга бензин жеткирүүчүлөр эми сертификат алышы керек


Быйыл 1-январдан тарта өлкөгө бензин ташыган компаниялар "Тажикстандарт" агенттигинен сертификат алышы керек.

"Тажикстандарттын" өкүлдөрү кабарлагандай, сертификаттын баасы 4,3 миллион сомониден көбүрөөк болот.

Агенттиктин өкүлдөрү жаңы сертификат бензиндин наркына анча таасирин тийгизбей турганын айтышууда.

"Бул күйүүчү майдын баасына өтө деле таасирин тийгизбейт. Бензин импорттоочу компаниялар сертификат үчүн жыл сайын акча төлөшөт", - деп жооп берди агенттиктин техникалык нормалар жана стандартташтыруу бөлүмүнүн башчысы Сухроб Ашурзода.

Тажикстанга 10дон ашык фирма жана компаниялар бензин жеткирүүдө.

“Тажикстандарт” агенттигинин маалыматына караганда, учурда “Газпромнефть-Тажикстан” ишканасы менен “Ориё Тижорат” компаниясы бензинди ташып келүүгө сертификат алышкан.

XS
SM
MD
LG