Ссылки доступа

Өзбекстан 2023-жылы эң көп алтын саткан өлкөлөрдүн ичинен экинчи орунга жайгашты

Дүйнөлүк алтын кеңешинин (World Gold Council) маалыматы боюнча, Өзбекстан 2023-жылы баарынан көп алтын саткан өлкөлөрдүн ичинен экинчи орунга жайгашты.

Өткөн жылы Өзбекстан 25 тонна алтын саткан. Бул биринчи орунга жайгашкан Казакстан саткан алтындын жарымынан аз.

2023-жылы Кытай 230 тонна алтын сатып алып, бул көрсөткүч боюнча дүйнөдө биринчи орунга жазылды. Кийинки орундарга Польша, Сингапур, Ливия жана Чехия жайгашкан.

Былтыр ноябрда Өзбекстандын Статистика агенттиги өлкө 2023-жылдын 10 айында 6,870 миллиард долларга алтын сатканын, бул 2022-жылы экспорттолгон алтындан 1,6 эсеге көп экенин билдирген.

Өткөн жылдын 10 айында алтын Өзбекстандын дүң экспортунун 33,6% түзгөн.

Өзбекстан 2022-жылы 4,11 миллиард долларга, 2020-жылы 5,8 миллиард долларга алтын саткан.

​
XS
SM
MD
LG