"Кесиптештери билдиргендей, 31-январь күнү кечинде Федералдык миграция кызматынын үч кызматкери жана өзүн тажик бийлигинин өкүлү деп тааныштырган адам келип, жумушчулардын баарын чогултушкан. Алар Жалиловдун сүрөтүн көрсөтүп, ал күнөөлүү экенин жана аны кармоо керектигин айтышкан. Тизилип турган жумушчулардын арасынан аны таанып, алып кетишкен", – деди Жалиловдун Рахим Сафаров аттуу досу.
Жалиловду алып кеткен адамдар анын кандай кылмышка шектелип жатканын айткан эмес. Достору анын кармалышынын ыктымал себептерин издеп, социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына ХАМАСтын видеолору менен сүрөттөрүн жарыялагандан башка шектүү эч нерсе табышкан эмес. Мухаммаднабинин Телеграмында Абу Обайданын (ХАМАСтын "Бригад Изз ад-Дина аль-Кассама" аскердик канатынын өкүлү, палестиналык жоочу) сүрөтү жарыяланган. ХАМАС тобу АКШ менен Европа биримдигине мүчө өлкөлөрдө террордук уюм деп табылган. Бирок Тажикстан менен Орусия аны террордук уюм деп эсептебейт.
Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Мухамаднаби Жалиловдун кармалганы же экстрадицияланганы тууралуу маалыматтарды ырастаган да, төгүндөгөн да жок. Тажикстандын Орусиядагы элчилиги "Озоди" радиосунун суроолоруна жооп берген эмес.
Жалиловдун аты-жөнүн айткысы келбеген досторунун бири ал YouTube'дан тажик оппозициясынын видеолорун көргөнү үчүн кармалган болушу мүмкүн деген божомолун айтты.
Орусияда жыл сайын "тыюу салынган уюмдар менен кызматташууга" айыпталып ондогон тажик мигранты кармалат. Алардын көбү тажик оппозициясына байланышы бар баракчалардагы билдирүүлөргө "лайк" койгону үчүн кармалат. Укук коргоочулар мындай көрүнүштөр үчүн Тажикстандын бийлигин сындап келишет.
Эксперттердин пикиринде, ошол эле маалда тажик жаштарынын көбү Орусияда жүргөндө экстремисттик идеяларга көп азгырылышат. Кезинде Тажикстандын 2 миңден ашык жараны "Ислам мамлекети" террордук уюмуна кошулуу үчүн дал Орусиядан Сирияга жана Иракка барганы белгилүү.