Ссылки доступа

Израил курулуш иштери үчүн Өзбекстандан мигранттарды тартууну пландап жатат


Израилдин өкмөтү курулуш иштерине Өзбекстандын, Индиянын жана Шри-Ланканын жарандарын чакырууну пландап жатат. Бул тууралуу Израилдин Курулуш министрлиги билдирди.

Буга чейин Израилдеги курулуш объектилеринде 72 миң палестиналык иштеп келген. Бирок өткөн жылы 7-октябрда палестин-израил жаңжалы башталганда алар коопсуздук чараларынан улам Израилден чыгарылган.

"Газета.uz" басылмасынын маалыматына караганда, учурда Израилдеги курулуш аянтчаларында 20 миңге жакын чет өлкөлүк иштеп жатат. Бирок жумушчулардын жетишсиздигинен улам объектилердин дээрлик жарымындагы курулуш иштери токтоп турат. Мындан улам иш берүүчүлөр жумушчуларды тартуу үчүн курулушчулардын айлыктарын жогорулатууга аргасыз болуп жатышат.

The Times of Israel басылмасы HR-компаниясынын өкүлүнө шилтеме кылып кабарлагандай, Израилде палестиналык жумушчуларга мыйзамда каралган минималдык өлчөмдөгү айлык (саатына 31,5 шекел же 8,64 доллар) төлөнүп келген. Алардын ичинен тажрыйбалуулары менен адискөйлөрү саатына 50-55 шекелден алышкан. Азыр башка чет өлкөлүктөр үчүн айлыктар саатына 75 шекелден 100 шекелге чейин ($20,5−27,5) жогорулады.

Израил өкмөтү Өзбекстандан, Индиядан жана Шри-Ланкадан 65 миң эмгек мигрантын тартууну пландап жатат. Израилдин Курулуш министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө карата Индияда 5 миң, Шри-Ланкада 3 миң жумушчу тандалып алынды. Мындан тышкары жеке жалданма компаниялар аркылуу дагы 10 миң жумушчу тартуу каралган. Алардын алгачкы тобу Израилге жакынкы апталарда жеткирилет деп күтүлүүдө.

2022-жылы июлда Өзбекстан менен Израил эмгек миграциясы боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюшкан. Анын алкагында өзбекстандыктарга жылына 2 миңден 8 миңге чейин квота бөлүнгөн.

XS
SM
MD
LG