Ссылки доступа

11 журналисттин иши: Асыпбеков депутаттык комиссия түзүү сунушун берди


Тыныстан Асыпбеков
Тыныстан Асыпбеков

Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" беренеси менен шек саналып камакта жаткан журналист Тыныстан Асыпбеков 6-февралда соттук отурумда Жогорку Кеңешке кайрылып, 11 журналисттин иши боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушун берди.

Бул тууралуу ал Бишкек шаардык сотунда бөгөт чарасы каралып жатканда айтты.

"Жогорку Кеңештин кайдыгер эмес депутаттарына биздин иш боюнча депутаттык комиссия түзсө деп кайрылам. Анткени бул жерде күнөөсү жок адамдардын укуктары тебеленип жатат. Бул улана берсе биз укуктук мамлекет болбой калабыз. Мисалы, мен жумуштан эки жыл мурда (ред: "Темиров LIVE" редакциясынан) кеткем. Ал эми иш 2023-жылдагы видео боюнча козголуп атат. Тергөөчүлөр эч кандай далили жок эле мага окшогон адамдарды камап жатат", - деди ал.

6-февралда Бишкек шаардык соту "ПолитКлиника" медиасынын журналисти Тыныстан Асыпбековду жана "Алга медиа" каналынын негиздөөчүсү Актилек Капаровду 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакта калтырды.

Шаардык сот 5-февралда "Темиров LIVE" жана "Айт айт десе" долбоорлорунун директору Махабат Тажыбек кызына, "Нур пресс" медиасынын журналисти Жоодар Бузумовго, "Айт, айт десе" долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековго, "Арча Медианын" (мурдагы Next TV медиасы) журналисти Сайпидин Султаналиевге жана "Темиров LIVE" редакциясынын кызматкери Максат Тажыбек уулуна да ушундай эле чечим чыгарган.

Ушул эле сот 2-февралда "Темиров LIVE" редакциясынын журналисти Сапарбек Акунбековду, кызматкери Акыл Орозбековду жана редакциянын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиевди, 1-февралда "Темиров LIVE" редакциясынын кабарчысы Айке Бейшекееваны да 13-мартка чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакта калтырган.

16-январда таң эрте Ички иштер министрлиги (ИИМ) "Темиров LIVE" медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Айт, айт десе" жана "Темиров LIVE" долбоорлорунун, "Арча Медианын", "Алга медиа" каналынын жана "ПолитКлиника" басылмасынын кармалган 11 кызматкерин 13-мартка чейин камакка алган.

Журналисттердин адвокаттары апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган. Алардын арызы канааттандырылган жок.

ИИМ "Айт, айт десе" жана "Темиров LIVE" баракчаларындагы жапырт башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" беренесинин үчүнчү бөлүгү "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.

XS
SM
MD
LG