Ссылки доступа

Өзбекстанда ЖЭБ абаны ашыкча булгаганы үчүн $100 миң айып пулга жыгылды


Жаңы Ангрен ЖЭБине атмосферага зыяндуу заттарды нормадан ашык чыгарганы жана газ тазалоочу жабдуулардын натыйжалуулугун төмөндөткөндүгү үчүн 1,3 миллиард сум (105 миң доллардан ашык) айып пул салынды.

Ташкент облустук экология департаменти социалдык түйүндөрдө тараган маалыматтын негизинде текшерүү жүргүзүп, абага бөлүнүп чыккан зыяндуу газдар белгиленген нормадан ашып кеткенин аныктаган.

Эксперттер ишканадагы газ тазалоочу жабдуулардын натыйжалуулугу 80%га төмөндөгөнүн ырасташты.

ЖЭБдин 11 кызматкерине тиешелүү чараларды көрүү үчүн документтер укук коргоо органдарына берилди.

Экология департаменти абанын булганышынын алдын алуу үчүн ЖЭБдеги чаң жана газ тазалоочу жабдуулардын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча кечиктирилгис иш-чаралардын планын иштеп чыкканы айтылды.

XS
SM
MD
LG