Ал өткөн жылы беш жаштагы кызды өлтүргөнү үчүн өмүр бою соттолгон Сайдолим Гаийбназаровго пробациялык көзөмөл кылууда өз милдеттерине кайдыгер мамиле кылган деп айыпталууда. Тилдаханов бул айыптоону четке кагып, соттон аны толук актоону өтүндү.
Прокурордун айтымында, буга чейин соттолгон Гаийбназаров "өз милдеттерине кайдыгер мамиле кылган" пробация кызматкеринин күнөөсү боюнча эркиндикте калып, беш жаштагы кызды өлтүргөн. "Тилдаханов алдын алуу чараларын көргөн эмес жана соттолуучунун эркиндигин чектөө жазасын камакка алуу жазасына өзгөтүүнү сунуштаган эмес", – деди прокурор.
Мамлекеттик айыптоочу тергөө иштеринин жүрүшүндө соттолуучунун күнөөсү ырасталганын кошумчалап, аны "Шалакылык" беренеси боюнча күнөөлүү деп табууну жана үч жылга соттоону өтүндү.
Тилдахановдун адвокаттары прокурордун айыптоосун негизсиз деп атап, Гаийбназаровдун жазасын катаалдатуу сунушун берүү соттолуучунун ыйгарым укуктарына кирбегенин, анын милдети Гаийбназаровду социалдык адаптациялоо болгонун билдирүүдө.
Каза болгон беш жаштагы кыздын апасы, бул иште жабырлануучу катары өтүп жаткан Индира Еримбетова жаза чегерүү маселесин соттун кароосуна калтырарын айтты.
Былтыр май айында Сарыагаш райондук соту коңшусуна балта менен кол салууга айыпталган Сайдолим Гаийбназаровду пробациялык көзөмөл орнотуу менен эркиндигин үч жылга чектөө чечимин чыгарган. Буга чейин "Адам өлтүрүү" беренеси менен соттолуп чыккан Гаийбназаровго "Адам өлтүрүү үчүн кол салуу" беренеси боюнча айып тагылган.
Сентябрда кылмыш иштери боюнча Түркстан облустук соту июль айында Жибек-Жолу айылында өлтүрүлгөн беш жашар кыздын иши боюнча Гаийбназаровду өмүр бою эркинен ажыраткан. Сот аны кызга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерди жасоого жана аны өлтүрүүгө күнөөлүү деп тапкан. Мындан тышкары ага химиялык кастрация процедурасы белгиленип, моралдык чыгым катары жабырлануучу тарапка 100 миллион теңге өлчөмүндө кенемте төлөп берүүгө милдеттендирилген.
Күзүндө Гаийбназаровдун эркиндигин чектөө өкүмүн чыгарган райондук соттун төрагасы кызматтан алынганы кабарланган.