Ссылки доступа

Өзбекстан: тергөө абагында кыйноого кабылганын айткан орусиялык ишкер 15 жылга соттолду

7-февралда Ташкенттин кылмыш иштери боюнча Бектемир райондук соту Орусиянын жараны, теги намангандык ишкер Дилшод Турахожаевди 15 жылга эркинен ажыратты.

Сот аны Кылмыш кодексинин "Каракчылык" беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты.

Наманганда туристтик объектинин курулушуна 25 миллиард сум салган Дилшод Турахожаев 2023-жылы апрелде кармалып, Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгына (ШИИБ) жеткирилген.

Адвокат Нурилла Туляганов Ташкент ШИИБисинде Турахожаев кыйноого кабылганын билдирген. Ишкер өзү тергөө абагынан президент Шавкат Мирзиёевге кат жолдоп, аны жалган жалаанын негизинде камап, Ташкент шаардык ички иштер бөлүмүндө кыйноого алышканын айткан. Катта ал укук коргоо кызматкерлери андан Наманган облусунун Пап районуна курган Aparat Hotel Kosmos аттуу мейманканасы менен эс алуу жайынан баш тартууну талап кылышканын жазган.

Ишкердин адвокаты сот өкүмү менен макул эмес экенин айтып, ал боюнча жогорку баскычтагы сотко апелляциялык арыз менен кайрыла турганын билдирди.

Наманганда туулуп-өскөн 40 жаштагы ишкер Дилшод Турахожаев 20 жыл Орусияда жашаган жана бул өлкөнүн жарандыгын алган. Ал 2019-жылы Өзбекстанга кайтып барып, 25 миллиард сумга Aparat Hotel Kosmos аттуу мейманкана жана эс алуу жайын курган.

2020-жылы Наманган облусуна барган Шавкат Мирзиёев ишкердин туристтик объект куруу аракетин колдогон. 2022-жылы августта Турахожаев туристтик тармакты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн "Туризм фидойиси" төш белгиси менен сыйланган.

​
XS
SM
MD
LG