Ссылки доступа

Тажикстандын Жер комитетинин башчысы: былтыр кыргыз-тажик чек арасынын 170 чакырымы такталды


Ориф Ходжазода
Ориф Ходжазода

2023-жылы Кыргызстан менен Тажикстан 170 (169,48) чакырымга жакын мамлекеттик чек ара сызыгы боюнча макулдашты.

Бул тууралуу Тажикстандын Жерге жайгаштыруу жана геодезия боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы, тажик тараптан топографиялык жумушчу топтун жетекчиси Ориф Хожазода 8-февралда Душанбеде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда кыргыз-тажик чек арасынын 987,6 чакырымынын 889,45 чакырымын аныктоо иштери аяктады. Ошол эле маалда аткаминер чек аранын макулдашылган тилкелери тууралуу эч кандай маалымат берген жок. Тараптардын макулдашуусуна ылайык, "протоколдун мазмуну жана аткарылган иштер тууралуу маалымат бул жараян аяктаганга чейин жашыруун болот".

"Сүйлөшүүлөрдүн соңунда биргелешкен билдирүү жарыяланат. Башкача айтканда, маалымат эки тараптын макулдугу менен берилет. Мен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү түшүнүү менен кабыл алат деп үмүттөнөм", - деди Тажикстандын жер комитетинин жетекчиси.

"Озоди" радиосу чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдүн купуялуулугу айрым кооптонууну жаратып жатканын жазды.

Президенти Садыр Жапаров былтыр 11-декабрда Баткендин Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында сүйлөгөндө Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айларына чейин такталып каларын белгилеген.

12-январда Баткенде өкмөттүк делегациялардын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолугушкан. Биргелешкен билдирүүдө чек ара аймагы боюнча орток пикир табылганы айтылган. Тараптар чек аранын 90% аныктоо аяктаганын кабарлашкан.

Буга чейин чек ара такталбаган тилкелерде эки тараптан тең адам өмүрүн кыйган окуялар катталган.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт.

XS
SM
MD
LG