Муратбайдын айтымында, эгер укук коргоочулар кырдаалга кийлигишпесе, Меңлибаев жакын арада Польшага депортацияланышы мүмкүн.
Венадагы "Евразия үчүн эркиндик" уюмунун төрайымы, юрист Лейла Назгүл Сейитбектин билдиришинче, Меңлибаев учурда үй-бүлөсү менен Австриянын баш калаасында депортациялоо борборунда кармалууда.
"Ал Дублин процедурасына ылайык Польшага депортацияланат. Анын Польшадан [саясий башпаанек алуу жөнүндөгү] арызы четке кагылды жана поляк бийлиги ага кайра башпаанек суроого уруксат бербей коюшу мүмкүн. Ошондуктан ал Өзбекстанга же Казакстанга депортацияланышы ыктымал", - деди Лейла Назгүл Сейитбек.
Анын айтымында, "Евразия үчүн эркиндик" депортацияны кийинкиге жылдыруу боюнча Евробиримдиктеги укук коргоо уюмдарынан жардам сураган. Эгер укук коргоочулар кийлигишпесе, Наурызбай Меңлибаев үй-бүлөсү менен 8-февралда Польшага кайтарылышы мүмкүн.
Менлибаев "Мигрант. Медиа" долбооруна Австриядан Польшага чыгарылса, Польша бийлиги өлкөдөн чыгып кетүүгө 30 күн убакыт бериши мүмкүн экенин билдирди. Ал үй-бүлөсүнүн келечегине тынчсызданууда.
Наурызбай Меңлибаев Казакстандын жарандыгын 2013-жылы алган. 2022-жылы Каракалпакстанда болгон окуялардан көп узабай Казакстандагы каракалпак активисттери кармалып, камакка алынгандан кийин Меңлибаев ал жактан чыгып кеткен. Меңлибаевдин тарапташтары ал 2015-жылы Өзбекстанга барганда кармалып, кыйноого алынганын айтышкан. Ал Казакстан элчилигинин кийлигишүүсүнөн кийин бошотулганы кабарланган. Бул маалыматты көз карандысыз булактардан тастыктоо мүмкүн боло элек.