Ссылки доступа

Ташкентте мамлекеттик телеканалдын ыдык көрсөтүүгө айыпталган кызматкери үч суткага камалды

Ташкентте Nurafshon телеканалынын башкы директорунун орун басары жумуштагы кыздардын бирине ыдык көрсөткөнү үчүн үч суткага камакка алынды. Бул тууралуу Өзбекстандын Жогорку сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, телеканалдын кызматкерлеринин бири Шайхантахур райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылып, 27-январда 35 жаштагы директордун орун басары аны иш бөлмөсүнө чакырып, ыдык көрсөтүп, өбүүгө аракет кылганына даттанган. Арызда ал мындай учур буга чейин да бир нече жолу болгонун жазып, директордун орун басарын жоопкерчиликке тартууну жана моралдык чыгым өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

Сотто айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алып, өкүнүчүн билдирди. Ал мындан кийин мындай аракеттерге барбай турганын айтып, соттон өкүм чыгарууда ушул жагдайды эске алууну сурады.

Жогорку соттун басма сөз катчысы Азиз Обидовдун айтымында, 2023-жылы Өзбекстанда Административдик укук бузуулар кодексинин "Сексуалдык ыдык көрсөтүү" беренеси боюнча 666 киши жоопкерчиликке тартылган. Алардын ичинен 233 кишиге айып пул салынса, 433 айыпталуучу административдик камакка алынган.

​
XS
SM
MD
LG