Хорог шаарынын Даштак маалесинде жайгашкан бул жер тилкесин Ага Хан Өнүктүрүү түйүнү (AKDN) өткөн кылымдын 90-жылдарынын аягында сатып алган. Тоолуу Бадахшан автоном облусунун прокуратурасы жер тилкесин берүү процессинде мыйзам бузуу учурлары болгонун билдирген.
"Мыйзамда жер тилкелерин чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактарга берүүнүн мөөнөттөрү аныкталган. Жергиликтүү бийлик бул жерди берүүдө олуттуу каталарга жол берген. Прокуратуранын доо арызы ошол мыйзам бузууларга байланыштуу", – деди Мирзозода.
Анын айтымында, Борбор Азия университетинин бул боюнча кассациялык арызы канааттандырылган жок жана соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирди.
Азырынча Ага Хан Өнүктүрүү түйүнү соттун өкүмү боюнча комментарий бере элек.
Буга чейин Хорог шаарынын эки тургуну "Озоди" радиосуна 1990-жылдардын соңунда Ага Хан фонду алардын үйлөрүн жер тилкелери менен кошо 70-75 миң долларга сатып алганын жашыруун айтып, фондго эч кандай доосу жок экенин билдиришкен.
Борбор Азия университети 2000-жылы негизделген. Тиешелүү макулдашууга Кыргызстандын, Тажикстандын, Казакстандын президенттери жана ханзаада Карим Ага Хан IV кол койгон. Макулдашууну үч өлкөнүн парламенттери ратификациялап, БУУда катталган.
Былтыр жайында Хорогдогу Ага Хан лицейи жабылган. Айрым маалыматтар боюнча, ал мекеме Тажикстандын Билим берүү министрлигине караштуу зээндүү балдар мектеби болуп өзгөртүлөт.
Ага чейин Ага Хан фондуна караштуу Khorog Serena INN мейманканасы улутташтырылып, Тоолуу Бадахшан автоном облусунун администрациясына өткөрүлүп берилген.
2022-жылы жергиликтүү бийлик Ага Хан фондуна тиешелүү Хорог шаардык сейил багын мамлекеттик менчикке өткөрүп берген.
Мындан тышкары Тоолуу Бадахшан автоном облусунун прокуратурасы Ага Хан фондунун Хорог шаарындагы Aga Khan Medical Centre медициналык борборун улутташтыруу өтүнүчү менен сотко кайрылганы кабарланууда. 2018-жылы ачылган бул борбордун курулушуна Ага Хан фонду 25 миллион доллар бөлгөн.