Ссылки доступа

Каракалпак активисти үй-бүлөсү менен Варшава аэропортунда 12 саат тамак-ашсыз жана суусуз кармалган

Башкы кеңсеси Вена шаарында жайгашкан Freedom for Eurasia ("Евразия үчүн эркиндик") укук коргоо уюму каракалпакстандык активист Наурызбай Менлибаев аялы жана бир жашар баласы менен Варшава аэропортунун изоляторунда тамак-ашсыз жана суусуз 12 саат кармалып турганын билдирди.

Жакында Австрия каракалпакстандык активист Наурызбай Менлибаевдин башпаанек берүү өтүнүчүн четке каккан. 8-февралда "жолдо катаал мамилеге туш болушу мүмкүн деген тобокелдиктерге карабастан", ал үй-бүлөсү менен Польшага жөнөтүлгөн.

"Алар Варшаванын Шопен атындагы аэропортуна конору менен камерага камалган. Бери дегенде эле аларга 12 саат тамак аш да, суу да берилген эмес. Аялы тамак жана суу ичпегендиктен сүт чыкпай калган. Бала үчүн атайын тамак-аштар да сунушталган эмес. Мындай шартта баланын саламаттыгына олуттуу коркунуч туулат", – деп жазылган Freedom for Eurasia'нын билдирүүсүндө.

Укук коргоо уюму Польшанын бийлигин арызы каралганга чейин башкалка суроочулар өздөрүнүн базалык муктаждыктарын канааттандырышы үчүн бардык зарыл шарттарды түзүп берүүгө чакырды.

Freedom for Eurasia уюмунун маалыматына караганда, Менлибаев башпаанек сураган арызы кайсы өлкөдө каралышы керектигин аныктаган регламенттин алкагында Австриядан Польшага жөнөтүлгөн.

Менлибаев 2022-жылы Казакстанда каракалпак активисттери кармала баштаганда Варшавадагы конференцияга катышуу үчүн барып, ошол бойдон Европада калып калган. Укук коргоочулар анда Казакстандагы каракалпак активисттери өзбек бийлигинин өтүнүчү менен кармалып жатканын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG