Мекеменин маалыматына караганда, өткөн айда 20 миллион 486 миң кВ/саат электр энергиясы жана 47 миллион 387 миң куб метр жаратылыш газы уурдалган. Анын жыйынтыгында мамлекетке 94 миллиард 542 миллион сум ($7,666 млн) зыян келтирилген.
"Узэнергоинспекциядан" кошумчалашкандай, ишкана кызматкерлери өлкөнүн бардык аймактарында 24 969 алдын алуу иш-чараларын жүргүзүп, жыйынтыгында энергоресурстарды колдонуу эрежесин бузуу үчүн 937 административдик иш катталган.