Ссылки доступа

Казакстанда бийликти сындаган мурдагы шахтердун үйү тинтүүгө алынды

Казакстандын Улытау облусунун Сатпаев шаарында мурдагы шахтер жана активист Бүркүтбай Насырханов үйүндө тинтүү болгонун кабарлады.

2021-жылы "тыюу салынган уюмдун ишине аралашты" деген айып менен Насырхановдун эркиндиги бир жарым жылга чектелген. Активист өзүнө тагылган айыптарды мойнуна алган эмес.

Тинтүү 7-февралда соттун чечиминин негизинде жүргүзүлүп, Насырхановдун уюлдук телефону менен ноутбугу алынган.

Тинтүү иштерине полициянын билдирүүсү себеп болгон. Анда Насырханов "Фейсбук" социалдык тармагында "өкмөткө жана "Казакмыс" корпорациясынын жетекчилигине карата терс видеолорду жарыялаган" деп жазылган.

Насырханов Кылмыш кодексинин "Соттун өкүмүн аткарбоо" беренеси боюнча иште "коргоо укугуна ээ күбө" катары тартылган. Сотко чейинки тергөө былтыр август айында башталган. Тергөө Насырханов "үч жыл бою коомдук-саясий иштер менен алектенбөө, социалдык тармактарга пикир жазбоо" деген өкүмдү аткарган жок деп эсептөөдө.

Активист бул иште күнөөлүү деп табылып, абакка кесилишим мүмкүн деп кооптонууда. "Соттун өкүмүн аткарбоо" беренеси үчүн үч жылга чейин эркинен ажыратуу же коомдук жумуштарга тартуу жазасы каралган.

Буга чейин Насырханов "экстремизм" боюнча айыптоолорго макул эместигин билдирип, бийликти сындап, шахтерлорду жана майып жумушчуларды колдоо боюнча коомдук-саясий кыймыл уюштуруу аракети үчүн куугунтукталып жатканын айткан.

​
XS
SM
MD
LG