Ссылки доступа

Тажик оппозициясы: Европа дисиденттер үчүн коопсуз болбой калды

Сүрөттө: Убайдулло Саиди, Жамшед Ёров жана Мухаммаджон Кабиров
Сүрөттө: Убайдулло Саиди, Жамшед Ёров жана Мухаммаджон Кабиров

Тажик оппозиция өкүлдөрү соңку кездери айрым Европа мамлекеттери мекенинде кыйноого жана узак мөөнөткө абакка кесилүү коркунучуна кептелген адамдарды Душанбеге өткөрүп берип жатканына тынчсызданышууда.

«Өткөн жылы «Группа 24» саясий кыймылынын мүчөсү Билол Курбоналиев Германиядан Тажикстанга депортацияланган. Ушул эле кыймылдын мурдагы мүчөсү Низомиддин Насриддинов Беларустан Тажикстанга кайтарылган», - деди Тажикстанда тыюу салынган «Группа 24» уюмунун өкүлү Убайдулло Саиди.

Эмомали Рахмондун өкмөтүнө коркунуч туудурган Тажикстандын ар бир жараны тыюу салынган саясий уюмдарды колдоого айыпталып, түрмөгө камалат. Тилекке каршы, кыйноого жана түрмөгө кабылуу коркунучундагы жарандык активисттер Тажикстанга депортацияланууда.

Тажик оппозициячыларынын бири Алим Шерзамоновдун уулу Аслиддин Шерзамонов Польшада Борбор Азиядан келгендерге юридикалык жардам көрсөтүп турган. 10-январда ал Тересполь шаарында бул өлкөнүн мыйзамдарын бузган деген айып менен кармалган. Андан Польшанын аймагынан чыгып кетүүнү талап кылышууда.

Оппозиция өкүлү Шамсиддин Саидов болсо уулун бир жылдан бери көрө элек. Абдулло Германиядан депортацияланып, Тажикстанда 7 жылга эркинен ажыратылган. Human Rights Watch укук коргоо уюму Германия тажик бийлигин Абдулло Шамсиддинди абактан бошотууга жана анын өлкөдөн чыгып кетүүсүнө уруксат берүүгө чакырышы керек деп билдирген.

Саясий эмигранттарды депортациялоо фактыларынын көбөйүшүн европалык маалымат каражаттары ЕБ өлкөлөрүнүн жаңы мыйзамдарынын кабыл алынышы, ошондой эле миграция көйгөйлөрү боюнча коомдук пикирдин өзгөрүшү менен байланыштырууда.

«Адамдардын башпаанек боюнча негизги укугун коргоо үчүн биз мыйзамсыз миграцияны олуттуу чектөөбүз керек. Калууга укугу жоктор биздин өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болушат. Бул жылы депортациялангандардын саны (2023) өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу болжол менен 27% жогору», - деген Германиянын ички иштер министри Нэнси Фезер.

Тажикстан өкмөтү оппозициялык партиялардын жана уюмдардын ишмердүүлүгүнө тыюу салып, алардын тарапкерлерин өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбурлоодо. Бирок алар чет өлкөдө да өздөрүн коопсуз сезишпейт.

​
XS
SM
MD
LG