"Азаттыктын" "Мигрант.Медиа" долбоору Улуттук борборго кайрылган бейтаптар эмне себептен шаардагы “Бона” менчик клиникасына барып, 45-50 миң сом төлөп, операция жасатууга мажбур болорун иликтеген. Бул иште Улуттук онкология борборунун жетекчилиги менен менчик клиниканын ортосунда кызыкчылыктар кагылышы жокпу деген суроолор бар.