Ссылки доступа

Казакстанда журналист Думан Мухаммедкаримдин соту жабык өтүүдө

12-февралда Алматыда журналист жана активист Думан Мухаммедкаримдин соту башталды. Сотко журналисттерди киргизбей коюшту.

Судья отурумду жабык өткөрүү боюнча прокурордун өтүнүчүн канааттандырды.

Журналисттин адвокаттары судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүштү.

"Республика" басылмасы маалымдагандай, адвокаттар соттук териштирүүнү ачык өткөрүүнү талап кылып, иш менен толук таанышуу үчүн убакыт сурашты.

Мухаммедкарим өзү иш менен таанышуу үчүн 15 күн сурады. Ошондой эле бөгөт чарасын үй камагына өзгөртүүнү өтүндү.

"Улгайган ата-энем бар, мени соттогондон кийин аларды акыркы сапарга узата аламбы-жокпу, билбейм. Түрмөдөн тирүү чыкпай калсам, алар мени көмө аларына ишенбейм. Ошондуктан, бул убакытты алар менен өткөргүм келет", - деп Мухаммедкарим.

Судья Думан Мухаммедкаримдин бөгөт чарасын үй камагына өзгөртүү боюнча өтүнүчтү канааттандырган жок.

ND аттуу youtube-каналдын автору Думан Мухаммедкарим "Экстремизмди каржылоо" жана "Экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу" беренелери боюнча айыпталууда. Адвокаттын айтымында, журналист бозгундагы банкир Мухтар Аблязовго жардам берген деп шектелүүдө. Ал 2023-жылдын июнь айынан бери камакта отурат.

​
XS
SM
MD
LG