IQAir порталынын маалыматы боюнча, Ташкенттеги мониторинг станциясы 160 AQI жыйынтыгын көрсөттү. Бул PM2.5 концентрациясы ДССУ сунуштаган көрсөткүчтөн 16 эсе жогору дегенди билдирет. Учурда Ташкент дүйнөдөгү абасы булганган шаарлардын арасында 11-орунда турат.
Бул тизмеде Кабул 9-орунда, Астана 34-орунда, Бишкек 48-орунда турат.
Мурдараак жергиликтүү басылмалар Өзбекстандагы экологиялык көйгөйлөрдү чечүү үчүн айлана-чөйрөнү булгаган ири ишканалардын айланасында "жашыл тилкелерди" түзүү боюнча кошумча чаралар каралып жатканын жазышкан.