Ссылки доступа

Тажик мушкерлери Болгарияда эки күмүш медаль тагынышты


Болгарияда өткөн эл аралык турнирде тажик мушкерлери эки күмүш медалга ээ болушту.

Кичи дүйнөлүк чемпионат деп аталган мелдеш 2-11-февраль аралыгында Болгариянын борбору София шаарында өттү. Ага 28 өлкөдөн 261 спортчу катышты.

Бул турнирге Тажикстандын атынан тогуз спортчу барган. Алардын экөө – Асрор Вохидов менен Мижгона Самадова өз салмак категорияларында финалга чыгышты.

60 килограммга чейинки салмакта Вохидов жарым финалда өзбекстандык Дилшод Абдумурадовду жеңсе, финалда өзбек мушкери Абдумалик Халоковго утулуп, күмүш медаль тагынды.

Кыз-келиндер арасында 57 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Мижгона Самадова жарым финалда грекиялык Ольга Павлинованы утуп, финалдык беттеште болгариялык спортчу Светлана Каменовага алтын медалды алдырып жиберди.

Мижгона Самадова былтыр Ханчжоу шаарында өткөн XIX Азия оюндарында коло медалга ээ болуп, тажик спортчуларынын ичинен биринчи болуп Париж-2024 Олимпиада оюндарына жолдомо алган.

Странжи кубогу – Болгарияда жыл сайын өткөрүлүүчү бокс боюнча ышкыбоздор арасындагы эл аралык мелдеш.

Быйыл мелдештин лидери Өзбекстан болду (14 медаль – 6 алтын, 2 күмүш жана 6 коло). Экинчи орунда Индия курамасы турат (2 алтын, 2 күмүш, 2 коло). Болгария бир алтын жана төрт коло менен үчүнчү катарга жайгашты.

XS
SM
MD
LG