Ссылки доступа

Казакстанда ак куулардын жапырт кырылышына байланыштуу Rixos мейманканасына айып пул салынды


Казакстандын Каракөл көлүндө ак куулардын жапырт кырылышына байланыштуу жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Rixos Water World Aktau мейманкана комплекси дээрлик 2 миллион теңге (4649 миң доллар) өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

Бул тууралуу жергиликтүү "Лада" басылмасы Маңгыстау облустук экология департаментине шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка ылайык, мейманкана айлана-чөйрөнү, суу объектилерин коргоо талаптарын бузган. Атап айтканда, анын суу тазалоочу жайлары иштеген эмес.

"Мейманкана комплекси саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды пайдаланууда мыйзам бузууларга жол берген. Жыйынтыгында айлана-чөйрөгө зыяндуу заттардын ашыкча көлөмүнүн чыгуусуна жол берилген", – деп жазды Orda.kz басылмасы.

Rixos Water World Aktau мейманканасынын өкүлдөрү "Азаттыктын" казак кызматынын комментарий берүү өтүнүчүнө "юристтер маселенин үстүнөн иштеп жатат" деп гана жооп беришти. Буга чейин мейманкана куштардын кырылышына тиешеси жоктугун, ага "канаттуулардын тумоосу себеп болгонун" маалымдаган.

Көлдөгү ак куулардын жапырт өлүмү тууралуу алгач былтыр декабрда айтыла баштаган. Окумуштуулар анда куш тумоосу жөнүндө билдиришкен. Кийин адистер ал экинчи себеп экенин, биринчи кезекте канаттуулар жемдин тартыштыгынан жана сууктан өлгөнүн аныкташкан.

800 ак куу кырылгандан кийин 9-январда экологдор Rixos мейманканасынан агып чыккан саркынды сууну текшерип жатканы кабарланган.

Акыркы маалыматтарга караганда, Каракөлдө 1 100дөн ашык өлгөн ак куу табылды. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен эки административдик иш козголду.

Экоактивисттер бийликти көлдүн айланасындагы бардык жайларды текшерүүгө, "Кызыл китепке" кирген куштар байырлаган жерлерди жакшыраак коргоого чакырып жатышат.

XS
SM
MD
LG