Ссылки доступа

"Док-1 Макс" иши: Фармагенттиктин мурдагы жетекчилери үчүн 18 жылдык жаза мөөнөтү суралды


Ташкент шаардык сотунда жөтөлгө каршы "Док-1 Макс" сиробун ичкен балдардын өлүмү боюнча өтүп жаткан сот отурумунда тараптардын жарыш сөзү башталды.

12-февралдагы отурумда прокурор соттон Фармацевтикалык тармакты өнүктүрүү агенттигинин мурдагы директору, Экспертиза жана дары-дармекти, медициналык техникаларды стандартташтыруу боюнча мамлекеттик борбордун экс-жетекчиси Сардор Кариевди жана анын эки орун басарын 18 жылдан эркиндиктеринен ажыратууну, ошондой эле үчөөнө тең үч жыл жооптуу кызматтарда иштөөгө тыюу салууну өтүндү.

Мындан тышкары мамлекеттик айыптоочу Quramax Medikal компаниясынын мурдагы директору Рагвендра Пратар үчүн 20 жылдык жаза мөөнөтүн сурады. Ошондой эле ал соттолуучулардын ар биринен сиробду ичкенден кийин каза болгон 69 баланын жана оор жаракат алган 16 баланын жакындарынын ар бирине 100 миллион сумдан (8,4 миллиард сум), жеңил жаракат алган эки балага 20 миллион сумдан компенсация өндүрүп берүүнү өтүндү.

Өзбекстанда индиялык Marion Biotech фармацевтикалык компаниясы өндүргөн "Док-1 Макс" сиробун ичкенден кийин каза болгон 69 баланын өлүмү боюнча сот отурумдары былтыр 11-августта башталган. Бул иште жалпысынан 23 киши (19 эркек жана 5 аял) айыпталуучу катары өтүүдө.

XS
SM
MD
LG