Ссылки доступа

Тажикстанда ондогон жаран лотереядан уткан байгелерин ала албай жатышканын билдирүүдө


Тажикстандын ондогон тургуну Facebook жана Telegram-бот аркылуу "Хуршеди Кухистон" деп аталган лотереялык билеттерди сатып алып, уткан байгелерин ала албай калганына даттанууда.

Өткөн жылы Facebook социалдык түйүнүндөгү "Хуршеди Кухистон" баракчасы лотерея өтөрүн жарыялап, байге фондунда батирлер, автоунаалар жана башка баалуу белектер бар экенин билдирген. Бул жарыяны окуган Душанбенин тургуну Нигина Гоибоева 10-январда 375 сомониге билет сатып алган. Бир канча күндөн кийин "Хуршеди Кухистон" WhatsApp аркылуу ал 5,5 миң сомони утуп алганын сүйүнчүлөп, бул сумма анын банк картына 29-январга чейин которуларын маалымдаган. Бирок эртеси "Хуршеди Кухистондун" баракчаларына алардын "лотереялык ишмердүүлүгү убактылуу токтотулганы" тууралуу билдирүү жарыяланган. Нигина Гоибоевага "компаниянын мүлкүн мамлекет конфискациялаганын, бардык түшкөн каражат балдар үйлөрүнө которуларын" билдиришкен.

"Мен алардын жарнамаларын көрүп ишенип алгам. Кандай суроо берсем да аябай ишенимдүү жооп берип, ынандырышкан. Эми аларга алданып калганымды түшүнүп отурам", – деди Гоибоева.

Пенжикенттин тургуну Олимжон Махмудов да 350 сомониге билет алып, ага 3,5 миң сомони утуп алганын сүйүнчүлөшкөнүн билдирүүдө.

"Эми биздин акчаны бийлик алып койгонун, утуп алган байгелерибизди гана эмес, билеттин акчасын да кайтарып бере албай тургандыктарын айтып жатышат. Мен алданып калганымды түшүндүм. Алар байге фондунда төрт бөлмөлүү батир, бир нече автоунаа бар экенин айтып ишендиришкен", – деди Махмудов.

Аты-жөнүн айткысы келбеген дагы бир жабырлануучу лотереянын уюштуруучуларынын алдамчылыгы боюнча арыздарды прокуратура да, Ички иштер министрлиги (ИИМ) да кабыл албай жатканын билдирди.

"Билеттин акысын биз "Душанбе Сити" банкынын картына которгонбуз. Ал эсеп Tcell уюлдук операторунун сим-картасына байланган. Адатта шылуундар мындай кылышпайт, алар өз маалыматтарын болушунча жашырууга аракет кылышат. Бирок бул лотереяны уюштурган адамдын колдоочусу күчтүү окшойт. Болбосо жарандарды минтип ачык эле алдоого эч ким батынмак эмес. Эгер бийлик кааласа аны банк эсеби жана телефон номуру аркылуу бир күндө эле таап коет. Бирок алар аны издемек түгүл, ал боюнча арызыбызды да кабыл албай жатат", – деди ал.

Ушундай эле даттануулар менен "Озоди" радиосунун редакциясына ондон ашык киши кайрылган.

1-февралда "Озодинин" журналисттери Facebook'тагы 5 миң жазылуучусу бар "Хуршеди Кухистон" баракчасына билдирүү жөнөтүп, өзүн бул компаниянын өкүлүмүн деп тааныштырган адамдан "алар банкрот болуп калганы" жөнүндө жооп алган. Анын айтымында, лотереянын уюштуруучулары 10 сомониден 150 сомониге чейин бааланган 73,5 миң билет саткан. "Компания банкротко кептелгенден кийин байгелерди бере албай калдык. Бирок катышуучуларга билеттин акчасын кайтарып берүүгө аракет кылып жатабыз", – деп жазды ал.

Бирок эртеси эле "Хуршеди Кухистон" баракчасында жаңы лотерея өтөрү тууралуу жарыя пайда болду. Кабарчы менен жазышкан баракчанын ээси "жетекчилиги кайрадан лотерея өткөрүүгө уруксат бергенин" билдирди. Ал компаниянын ишмердүүлүгү мыйзамдуу экенин, Тажикстандын Каржы министрлигинен каттоодон өтүшкөнүн билдирди. Бирок кабарчылар аталган мекеменин сайтындагы лотерея өткөрүүгө лицензия алган фирмалар менен компаниялардын арасынан "Хуршеди Кухистонду" таба алышкан эмес.

Тажик ИИМи мындай лотерея жөнүндө эч кандай маалыматтары жок экенин кабарлап, ал боюнча жарыяланган билдирүүлөр текшерилерин маалымдады.

"Озоди" радиосунун журналисттери "Хуршеди Кухистондун" Facebook'тагы баракчасы "Охунзода Сабохуддин" деген аталыш менен 2021-жылы ачылып, кийин азыркы аталышына өзгөртүлгөнүн аныктап чыгышты. 2022-жылы ал баракчада майыптарга жардам берери айтылган "Сабирён" кайрымдуулук компаниясынын атынан билдирүүлөр жарыялана баштаган. Анда Амонатбанкта ачылган эсеп көрсөтүлүп, колдонуучуларды кайрымдуулукка акча которууга чакырышкан.

Журналисттердин билдирүүлөрүнөн кийин Facebook'тагы "Хуршеди Кухистон" баракчасынын ээси Каржы министрлигинин 2023-жылдын 5-ноябрында лотерея өткөрүүгө уруксат берген күбөлүгүнүн көчүрмөсүн жарыялады. Анда "Хуршеди Кухистондун" ээси катары Охунзода С. аттуу жаран көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG