Ссылки доступа

Казакстанда сот активист Аскар Сембайдын өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды


Астана шаардык соту жарандык активист Аскар Сембайдын апелляциялык арызын четке какты. Ал социалдык түйүндөрдөгү "бийликти басып алуу чакырыгы жазылган" билдирүү менен бөлүшкөн деген айып менен алты жылга соттолгон.

Сот активисттин арызын 13-февраль күнү эртең менен онлайн режимде карады. Өткөн жылдын 13-майынан бери камакта жаткан Сембай отурумга катыштырылган жок. Буга чейин жакындары соттон аны онлайн кошууну өтүнүшкөнүн билдиришти.

Сембайдын апелляциялык арызында өкүмдү кайрадан карап чыгып, аны жокко чыгаруу өтүнүчү жазылган. Прокурор буга чейинки өкүмдү өзгөртүүсүн калтырууну сурады. Анын айтымында, айыпталуучунун күнөөсү "толугу менен далилденген" жана биринчи баскычтагы сот "мыйзамдын бардык талаптарын аткарган".

Сот Сембайдын апелляциялык арызын канааттандырган жок. Судья өкүм дароо күчүнө киргенин айтып, айыпталуучу тарап ал боюнча бир жылдын ичинде кассациялык арыз менен кайрылса болорун билдирди. Сембайдын адвокаттары кассациялык арыз жазууга ниеттенип жатышканын айтышты.

Аскар Сембай өткөн жылдын 13-майында Астанада кармалган. Өлкөдө тыюу салынган "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылын колдогону үчүн ага "Тыюу салынган уюмдун ишине катышуу" беренеси менен айып тагылган.

Казакстандагы Veritas укук коргоо тобунун маалыматына караганда, Сембайга каршы кылмыш ишин козгоого анын бозгундагы оппозициячы Мухтар Аблязовдун чакырыгы менен өткөн митингдерге катышканы, "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылынын программасы тууралуу маалыматтарды жарыялаганы жана Telegram'да анын тарапташтарынын тайпаларын ачканы себеп болгон.

Аскар Сембай бардык айыптоолорду четке кагууда. Ал эч качан бийликти басып алууга чакырык жасабаганын, болгону өкмөттү сындаганын билдирүүдө.

Ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери Аскар Сембай 2019-жылдан бери адам укуктарын сактоо талабы менен тынч акцияларга катышып келген. Буга байланыштуу бир нече жолу кармалган.

XS
SM
MD
LG