Ссылки доступа

Өзбекстанда судья менен Улуттук гвардиянын башкы инспектору пара алып жатканда кармалды


Өзбекстандын Навои облусунда судья, Сырдарыя облусунда Улуттук гвардиянын башкы инспектору пара алып жатканда кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын Телеграм-каналы кабарлады.

Маалыматка караганда, Навои облусундагы Нурота районунун 250 кой сатып, бирок акчасын ала албай калган тургуну арбитарждык соттун судьясына кайрылып, акчасын кайтарып алууга жардам берүүнү өтүнгөн. Судья маселени 1 миң долларга чечип берерин айтып, анын 500 долларын алып жатканда кармалган.

Сырдарыяда Улуттук гвардиянын облустук башкармалыгынын башкы инспектору Улуттук гвардияга ишке орноштурууну убадалап, жергиликтүү тургундан 3 миң доллар сурап, анын 1,5 миң долларын алып жатканда колго түшкөн.

Кармалгандарга каршы кылмыш иштери козголуп, тергөө жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG