"2023-жылдагы кылмыш иштеринин алкагында алынган курал-жарактын уурдалышы боюнча жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында тартип комиссиясынын сунушуна ылайык, ички иштер министринин буйругу менен Алматы шаардык полиция департаментинин бир катар жетекчилери ээлеген кызматынан бошотулду", — деп айтылат маалыматта.
Январь айынын аягында Алматы шаардык полиция департаменти 2023-жылы тергелген кылмыш иштеринин алкагында алынган, ошондой эле кайра сатып алуу өнөктүгүнүн алкагында элден кайтарылган куралдардын жетишсиздигин жарыялаган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.