Ссылки доступа

Парламент "Керемет банкты" 7 млрд сомго сатып алууга макул болду


Жогорку Кеңештин депутаттары 14-февралдагы жалпы отурумунда "Керемет банкты" (мурдагы "Росинбанк") Улуттук банктан Министрлер кабинетине сатуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун кабыл алды.

Мыйзам долбооруна ылайык, министрлер кабинети "Керемет Банктын" 97,45% акциясын Улуттук банктан 7 миллиард 126 миллион 432 миң сомго сатып алат.

Улуттук банктын жетекчисинин маалыматында, "Керемет Банк" 2020-жылды 1 миллиард сом чыгаша менен аяктап, 2021-жылды чыгашасыз жыйынтыктаган. 2022-жылы 360 миллион сом, ал эми 2023-жылы болжол менен 960 миллион сом киреше тапкан.

Депутат Дастан Бекешев "Керемет банкты" сатып алууга каршы чыгып, өкмөт каражатты кайдан тапканына кызыкты.

"Социалдык курч маселелерге, көйгөйлөргө Финансы министрлиги дайыма "казынада акча жок" деп жооп берет. 1 млн, 10 млн, 20 млн сом казынада жок болсо, 7 млрд сом кайдан табылды? Элдин эсебинен кимдир бирөөлөрдүн акча жегенин жапканды токтотсок", - деген эл өкүлү кесиптештерин мыйзам долбоорун колдобоого чакырды.

"Керемет Банк" - өлкөдөгү мамлекеттин үлүшү бар банктардын бири. 2010-жылга чейин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын тиешеси болгон "Азия Универсал Банктын" активдеринин негизинде "Залкар Банк" түзүлгөн. 2013-жылы бул банктын акциялары орусиялык ишкерлерге сатылып, аталышы "Росинбанк" деп өзгөртүлгөн.

2019-жылы "Росинбанктын" акцияларына Улуттук банк ээлик кылып, "Керемет Банк" деген аталыш ыйгарылган.

XS
SM
MD
LG