Мекеме тергөө сыр экенин жүйө келтирип, иш боюнча башка маалымат берген жок.
Шапагат Улытау облусундагы Сатпаев шаарынын мэри кызматына 2023-жылы январда дайындалган. Ага чейин жергиликтүү акимчиликтин Экономика жана каржы бөлүмүндө, 2021-2023-жылдары шаар башчысынын орун басары кызматтарында иштеген.
Казакстанда жогорку кызматтардагы аткаминерлер коррупциялык мыйзам бузууларга айыпталган учурлар көп кездешет.
Transparency International эл аралык уюмунун 2023-жыл үчүн жарыялаган коррупциянын деңгээли боюнча рейтингинде Казакстан "коррупциялашкан өлкө" макамын сактап калган. Ал 39 упай алып, 180 өлкөнүн ичинен 93-орунга жайгашкан.