Ссылки доступа

Тажикстан былтыр 110 миллион долларга электр энергиясын экспорттоду


Тажикстандын Статистика агенттиги өткөн жылы өлкө 110 миллион долларга электр энергиясын экспорттогонун, бул 2022-жылдагы көрсөткүчтөн 4% көп экенин билдирди.

Мекеме башчысы Жамшед Нурмахмадзоданын айтымында, 2023-жылы Тажикстан электр энергиясын Ооганстанга, Өзбекстанга жана Казакстанга саткан.

Күн мурун "Барки точик" энергохолдинги былтыр Тажикстан 2,6 миллиард кВ/саат электр энергиясын экспорттогонун билдирген. Анын 1,6 миллиард кВ/сааты Ооганстанга, калганы Өзбекстан менен Казакстанга сатылган.

Нурмахмадзода кошумчалагандай, ошол эле маалда Тажикстан былтыр Өзбекстан менен Кыргызстандан 18,6 миллион кВ/саат электр энергиясын сатып алган.

Тажикстанда өткөн жылдын күз айларынан бери аймактардагы жашоочуларга электр энергиясы чектелген көлөмдө берилүүдө. Бийлик муну суу сактагычтарда суунун аз болуп, электр энергиясы аз өндүрүлүп жатканы менен түшүндүрүүдө. Тургундар бул жүйөгө ишенбей, калк колдонушу керек болгон электр энергиясы чет өлкөлөргө сатылып жатканын айтса, бийлик электр жарыгы жай мезгилинде гана экспорттолорун билдирип келет.

XS
SM
MD
LG