Ссылки доступа

"КазМунайГаз": Жетыбайда иш таштаган жумушчулар менен эмгек келишими жокко чыгарылышы мүмкүн

"КазМунайГаз" (КМГ) компаниясы жумуш берүүчү эки ай мурда иш таштаган West Oil Software компаниясынын жумушчулары менен эмгек келишимин бир тараптуу жокко чыгаруу маселесин карап жатканын билдирди.

Маалыматка караганда, 500дөй жумушчунун 88и иш таштоону токтотуп, кайра жумуштарына кайткан.

"КазМунайГаз" компаниясы менен жергиликтүү органдар иш таштаган жумушчуларды чакырып, сүйлөшүүгө аракет кылды. Бирок буга айрым активисттер тоскоолдук кылууда. Иш таштоодон улам миллиард теңге зыян келтирилди. Буга байланыштуу жумуш берүүчү соттун чечими менен жана мыйзамда каралган тартипте жумушчулар менен эмгек келишимин бир тараптуу токтотуу маселесин карап жатат", – деп жазылган КМГнын билдирүүсүндө.

Маңгыстау облусунун Жетыбай айылында West Oil мунай компаниясынын 500дөй жумушчусу былтыр 11-декабрда иш таштаган. Алар компанияны "КазМунайГаз" компаниясынын курамына киргизүү, маянаны ошого жараша бирдиктүү системага ылайык төлөө жана жумуштагы колдонулуучу техниканы жаңылоо деген үч талап коюшкан.

Казакстандын Энергетика министрлиги менен "КазМунайГаз" компаниясы жетибайлыктардын алгачкы эки талабын негизсиз жана аткарылышы мүмкүн эмес деп эсептей турганын билдиришкен.

Жумушчулар талаптарды аткаруу үчүн бийликтен саясий эрк гана керек болуп жатканын айтышкан.

Сот мунайчылардын бул акциясын мыйзамсыз деп тапкан. Жумушчулар эмгек шартын жакшыртуу талабын ачык айтып чыгууга укуктуу экенин, акциясын тынч жана мыйзам бузбастан өткөрүп жатканын айтышкан. Жумушчулар иш таштагандан бери өздөрүнө жана жакындарына карата кысым болуп жатканына даттанышкан. Алардын айрымдары "Сот мыйзамсыз деп тапкан иш таштоого катышууну улантууга түрткөн аракеттер" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында полицияга чакырылган.

​
XS
SM
MD
LG