Жактоочулары аны абактын алдынан тосуп алууну пландашкан, бирок жолдон алар активисттин эчак эле бошотулуп, үйүнө жеткирилгенин угушкан.
"Сыягы, түрмөнүн кызматкерлери элдин чогулушун каалашкан жок. Ал мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыкты", - деди активисттин жубайы Роза Кумакова.
Былтыр апрелде жарандык активист Еркин Казиев тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүнө "катышкан" жана "бийлик өкүлүнө күч колдонгон" деген айыптар менен эки жылга түзөтүү абагына кесилген. Ал жана анын тарапкерлери активистке коюлган айыптарды саясий куугунтук деп аташкан.
2022-жылы Январь окуясы учурунда Казиев бир нече активист менен бирге Алматы облусунун Каскелең шаарында саясий арт-перфоманс уюштурган.
4-январда Еркин Казиев менен бир нече жаран Каскелеңде тегереги торлонуп кураштырылган арабага өздөрүн чынжыр менен байлап, акция өткөргөн. Эки адам ошол тордун ичинде болгон. Калгандары арабаны түртүп, сүйрөп алышкан. Алар жергиликтүү акимчиликти көздөй бет алып, "Жаңы-Өзөндү колдойбуз", "Саясий туткундарга боштондук" деп кыйкырып турушкан. Алар соцтармакта түз эфирге чыгып, акцияны "Казакстан – чоң түрмө" деп аташкан.
Көп өтпөй полициячылар акциянын катышуучуларын кармап, бир күндөн кийин кайра бошотушкан. Укук коргоочулар белгилегендей, Казиев камактан коркуп, көпкө чейин үйүнө келе алган эмес. Ал 2022-жылдын 27-октябрында кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Жарандык активист тынч митингдерге катышып, бийликти ачык сындап, "саясий туткундарды бошотууну" жана өлкөдө саясий куугунтукту токтотууну талап кылган. Казакстандык укук коргоочулар Казиевди өздөрү түзгөн саясий туткундардын тизмесине киргизген. 2019-жылдын октябрында анын эркиндиги бир жылга чектелген. Ал катталбаган "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылын колдогон деп айыпталган. Европарламенттин резолюциясында кыймыл тынч оппозиция деп классификацияланган. Эркин Казиев өзүнө тагылган айыптарды четке каккан.