Ссылки доступа

Москва Өзбекстандагы ЖОЖ ректорунун "баскынчылар" тууралуу айткандарына нааразылык билдирди


Шерзодхон Кудратхожа.
Шерзодхон Кудратхожа.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Өзбекстандын Москвадагы элчиси Ботиржон Асадовду чакырып, нааразылык билдирди.

Буга Өзбекстандын Журналистика жана массалык байланыштар университетинин ректору Шерзодхон Кудратхожанын Өзбекстанда жашап, бирок өзбек тилин билбегендер жөнүндө айткан пикири себеп болду.

Жакында Кудратхожа жергиликтүү блогер Кирилл Альтманга берген маегинде өзбек тилин билбеген өзбекстандыктар жөнүндө айтып жатып, Карл Маркстын сөздөрүнөн цитата келтирген: "Жашап жаткан өлкөнүн тилин эки гана адам билбейт – баскынчы же келесоо. Баскынчыбы же келесообу алар өздөрү жыйынтык чыгарсын".

Орусия ТИМинин билдирүүсүндө Москва Кудратхожанын бул сөздөрүн "өтө кемсинтүүчү жана толугу менен кабыл алынгыс" билдирүү деп эсептей турганы жазылган.

"Мындай билдирүүлөрдүн мазмуну Орусия менен Өзбекстанды байланыштырып турган стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерге толук карама-каршы келет. Биз өзбек калкынын басымдуу бөлүгү Кудратхожанын бул ойлору менен макул эмес деп ишенебиз. Москва жакын арада Өзбекстан ТИМи жогорку даражалуу ишмердин бул чуулуу билдирүүсүн приципиалдуу баалап, комментарий берет деген үмүттө", – деп жазылган Орусия ТИМинин билдирүүсүндө.

Азырынча Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Шерзодхон Кудратхожанын билдирүүсү боюнча комментарий бере элек.

Ал арада Орусиянын "Россотрудничество" мекемеси Өзбекстандын Улуттук медиа-ассоциациялары жана Мектепке чейинки билим берүү министрлигинин коомдук кеңеши менен бардык байланыштарын убактылуу токтоткону белгилүү болду. Бул тууралуу Орусиянын ТАСС агенттиги "Россотрудничествонун" башчысы Евгений Примаковго шилтеме кылып кабарлады.

Примаков "Россотрудничество" мындай чечимди Шерзодхон Кудратхожанын "русофобиялык билдирүүсүнө" байланыштуу кабыл алганын айтып, анын бул сөздөрү үчүн кечирим суроосун талап кылган.

Шерзодхон Кудратхожа 2018-жылы Ташкенттин орус улутундагы тургунуна "өзбек тилинде сүйлөө" кеңешин бергенден кийин да талкууга алынган. Анда социалдык түйүндөрдөгү орус тилдүү активисттер аны улутчулдукка айыпташкан. Кудратхожа бардык айыптоолорду четке кагып, маалыматтык чабуулдун курмандыгы болуп калганын айткан.

49 жаштагы Шерзодхон Кудратхожа өзбек өкмөтүнө жакын аткаминер деп эсептелет. Кезинде маркум президент Ислам Каримовдун жана Шавкат Мирзиёев башкарган өкмөттүн басма сөз кызматтарында иштеген.

Бир катар орусиялык пропагандачылардын Өзбекстанга каршы билдирүүлөрүнөн кийин айрым өзбекстандык коомдук ишмерлер өзбек ТИМине "жагымсыз адамдардын" жеке тизмесин түзүүгө чакырышкан. Бирок министрлик бул сунуштуу жоопсуз калтырган.

Өткөн жылы 21-декабрда Өзбекстан ТИМи "Адилеттүү Орусия – Чындык үчүн" партиясынын теңтөрагасы Захар Прилепиндин билдирүүсүнө байланыштуу орус элчиси Олег Мальгиновду чакырган. Прилепин анда коомдук иш-чаралардын биринде сүйлөп жатып, Өзбекстандын аймактарын Орусияга кошуп алууну сунуштаган.

XS
SM
MD
LG